Сенсиз калсам туман каптап ойлорумду
Сенсиз калсам туңгуюкка ороломун
Сенсиз асман жашын тогуп кайгыргандай
Сен болбосон жанымда
Бул сен эмес, сен эмес баягы сүйүү эмес
Өзгөрүп мамилең калганына не себеп?
Ойлондунбу сен женил, ортого коюп чекит
Чечтинби, кеттинби сүйүүбүздү кечтинби?
Сага арнап махабат данегин эктим
Күн болуп өстүрбөстөн, тебелеп кеттиң
Күйдүм чок, ак сүйүүңдүн азабын чектим
Сезимдеримдин кылдарын ойноп черттиң
Мен үчүн жүрөгүң кулпуга бекпи?
Чечимди чыгарып койдуңбу чекит?
Таарынычың мага унутула элекпи?
Эмнеге шашылып умтула кеттиң?